Коом

Ысык-Көлдүн экологиялык абалынын жакшырганы байкалууда

Ысык-Көл көлүнүн экологиялык абалынын жакшырганы байкалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы көлдүн акваториясында күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүдө. Инспекторлор браконьерликке каршы күрөшүп, балыкты мыйзамсыз уулоонун алдын алуу боюнча туруктуу иштерди алып барышууда. Эреже бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, суу биоресурстарын коргоо багытында комплекстүү иш-аракеттер улантылууда.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ысык-Көлдүн экосистемасы акырындап калыбына келүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button