Саясат

Кыргызстанда коррупцияга каршы жаңы мыйзам сунушталды

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети 9-сентябрда «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Долбоор Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаеванын айтымында, документ президенттин 2024-жылдын июнь айындагы жарлыгы менен бекитилген 2025–2030- жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Анын айтымында, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча учурдагы мыйзам 2012- жылы кабыл алынып, бир нече жолу оңдолгон. Бирок көп жагынан декларативдүү бойдон калууда. Анда коррупциянын деңгээлин өлчөө системасы, коррупцияга каршы мониторингдин так механизми жок. Бардык катышуучулардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган аныкталган эмес. Ошондой эле акыркы жылдардагы Конституциядагы жана тармактык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр чагылдырылган эмес.

Мыйзам долбоорунун негизги жоболору:

Коррупциялык укук бузуулардын субъекттеринин чөйрөсү. Алардын катарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эле эмес, мамлекеттик компаниялардын, мамлекеттин үлүшү бар юридикалык жактардын, ошондой эле коомдук пайдалуу функцияларды аткаруу үчүн бюджеттик каражаттарды алган жеке уюмдардын жетекчилери да киргизилген.

Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган. Ага мониторинг жүргүзүү, талдоо, коррупциянын деңгээлин баалоо, коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана усулдук колдоо функциялары жүктөлөт.

Башкы прокуратуранын алдындагы координациялык кеңеш. Кеңеш коррупцияга каршы күрөштө укук коргоо, фискалдык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракеттерин бириктирет.

Алдын алуу чаралары. Мыйзам долбоорунда милдеттүү коррупцияга каршы мониторинг жана изилдөөлөр, коррупциялык тобокелдиктерди талдоо, ченемдик актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу боюнча чаралар, айкындуулук стандарттарын киргизүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, коррупцияга каршы маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле жарандык коомдун көзөмөлгө катышуусу бекитилет.

Финансылык көзөмөл. Мамлекеттик кызматтарды ээлеген жарандар үчүн кирешелерди, чыгашаларды жана мүлктү милдеттүү түрдө декларациялоо, акцияларды жана үлүштөрдү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү, чет өлкөлүк эсептер жана компаниялар жөнүндө билдирүү каралган.

Жоопкерчилик. Долбоордо коррупциялык укук бузуулар саналып өткөн: мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү, кызматтык абалын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдалануу, мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү, декларацияларды бербөө, белектерди берүү жана алуу жана башкалар. Мындай аракеттер үчүн кылмыштык, тартиптик жана жарандык жоопкерчилик белгиленген.

Маалымат берүүчүлөрдү коргоо. Коррупция фактылары жөнүндө билдирген адамдар, ошондой эле алардын жакын туугандары мамлекеттик коргоо кепилдиктерин алышат.

Долбоор 2025-жылдын 13-июнунда коомдук талкуунун бирдиктүү порталына жарыяланган. Талкуунун жүрүшүндө сунуштар түшкөн. Алардын бир бөлүгү эске алынды. Алар: субъекттердин тизмеси такталган, айкындуулук жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча формулировкалар иштелип чыккан, мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы чараларды киргизүү боюнча милдеттери кеңейтилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button