Коом

16-январга карата аба ырайы

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы:

Чүйдө +1…+6,

Талас жергесинде +2…+7,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10,

Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус болсо, Нарын аймагында -8…-13 градус суук болушу ыктымал.

Бишкекте +4…+6 градуска чейин жылып, күндүз жааган жаан карга айланат.

Ош шаарында жаан жаап +2…+7 градус жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button