Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму 8 миң 697,32 сомду түздү

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын жан башына эсептелген орточо жашоо минимуму 8 миң 697,32 сомду түздү. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирди.
Калк топтору боюнча негизги көрсөткүчтөр:
Эмгекке жарамдуу калк: 9 миң 738,29 сом (эркектер — 9 миң 983,49 сом, аялдар — 9 миң 694,4 сом).
Пенсионерлер: 7 миң 699,36 сом.
Балдар: 7 миң 379,07 сом (жаш курагына жараша 6 миң 556,44 сомдон 8 миң 416,92 сомго чейин).
Керектөө корзинасынын түзүмү:
Азык-түлүк товарлары негизги үлүштү түзүп, аларга 5 миң 653,26 сом кеткен. Азык-түлүк эмес товарларга 1 миң 391,57 сом, кызмат көрсөтүүлөргө 1 миң 478,54 сом, ал эми салык төлөмдөрүнө 173,95 сом туура келген.
Региондор боюнча:
Эң жогорку жашоо минимуму Бишкек шаарында — 10 миң 349,67 сом (эмгекке жарамдуу эркектер үчүн) жана Жалал-Абад облусунда — 10 миң 243,23 сом катталган.
Эң төмөн көрсөткүчтөр (калктын жалпысы үчүн) Ысык-Көл облусунда болуп, жашоо минимуму 7 миң 908,1 сомду түзгөн.



