Коом

Милиция кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты

2024-жылдын 3-мартында милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодекси 111-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча мурда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн У.А. аттуу жаран кармалган. Издөөдө жүргөн адам коомдук жайларда жүзүн таануу тутуму орнотулган сырткы байкоо камералары аркылуу кармалган.


Видеобайкоо камерасы жогорудагы жаранды мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адам катары тааныган.

Белгилей кетсек, бул жаранга 2012-жылы Россия Федерациясы тарабынан ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button