Коом

Бир нече министрлик менен маморгандарга жаңы автоунаалар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү үч министрлик менен бир катар мамлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда жасалган 30 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаа Энергетика, Айыл чарба жана Ички иштер министрликтерине берилсе, 21 машина «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасына, 12 авто «Кыргызкөмүргө» тапшырылды.

«Урматтуу иш-чаранын катышуучулары, экономиканы өнүктүрүү үчүн ар бир тармак жемиштүү иштеши керек. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн сатып алынган техника максаттуу пайдаланылып, сиздердин ишти жеңилдетет деген ишенимдемин», — деди Касымалиев.

Ал келгендерди Эгемендүүлүк майрамы жана жаңы автоунаалуу болушу менен куттуктады.

Тектеш кабарлар

Back to top button