Коом

Сүйүн Өмүрзаков: Жеке клиникаларда анализдердин баасы 5 миң сомго чейин жетет

Учурда жеке клиникаларда бир анализдин баасы 500 сомдон 5 миң сомго чейин жетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Ал айлык акы менен пенсиянын көлөмү өскөнү менен, жарандар акчасынын көбүн дары-дармекке жана анализ тапшырууга жумшап жатканын белгиледи.

«Бизде бюджет өсүп жатат, ошондуктан мамлекеттик лабораториялардын ишин күчөтүү үчүн аларга материалдык жардам көрсөтүшүбүз керек. Ошондо жарандарга анализ тапшыруу арзаныраак болот», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button