Таласта 1 миллиард сомго буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

Талас облусунда 1 миллиард сомго буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештеги жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Анын айтымында, мамлекет Талас облусундагы дыйкандарга буурчак өндүрүүнү колдоо боюнча аракеттерди көрүүдө.
««Кыргызагрохолдингдин» маалыматы боюнча, өткөн жылы Таласта фермерлерден буурчак сатып алууга 100 миллион сом каралган. Натыйжада 1 миллион 700 миң 453 килограмм буурчак 1 килограмм үчүн 95 сомдон сатып алынды», — деди Алмасбек Абытов.
Ал кошумчалагандай, буурчакты экспорттоого шарт түзүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
«Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрь айында президенттин Талас облусуна сапары учурунда буурчак кабыл алуу пункттарын түзүү жана аны кайра иштетүүчү 1 миллиард сомдук завод куруу тапшырмасы берилген», — деп жыйынтыктады Алмасбек Абытов.



