Коом

Эл өкүлү мектептерге эркек мугалимдерди көбүрөөк жумушка алуу сунуштады

Депутат Табылды Муратбеков мектептерге эркек мугалимдерди көбүрөөк жумушка алуу сунушун айтты. Ал бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, мындай кайрылуу ага Ош шаарынын тургундарынын биринен түшкөнүн белгиледи.

Анын айтымында, эркек мугалимдердин жоктугу же жетишсиздиги окуучулардын тартибинин төмөн болушуна таасир этүүдө.

«Албетте, мен мугалимдерди жынысына карап бөлбөйм, бирок эркек мугалимдер тарбия берүү процессин жакшыртып, ошону менен билим берүүнүн сапатын жогорулата алат деп ойлойм», — деди депутат.

Тектеш кабарлар

Back to top button