Коом

Өлкөгө тыюу салынган тамекини алып кирүү фактысы катталды

Тыюу салынган тамеки продукциясын өлкө аймагына алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлады.

Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагына кирип келе жаткан унаадан 190 даана тыюу салынган түтүнсүз тамеки (снюс) продукциясы табылган.

Бул факты боюнча материалдар укуктук баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button