УКМК: Бишкек жана Чүйдө жашыруун кылмыштуу улутчул топтун мүчөлөрү кармалды — ФОТО

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдары тарабынан этностор аралык негиздеги чыр-чатактардын чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо жана бөгөт коюу, улуттар аралык негиздеги мыйзамсыз аракеттерге жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө , Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын көмүскө тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, алардын мыйзамсыз аракеттерин видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн басмаларында фашисттик символдорду колдонушкан.
КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында аталган топтун үч мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары «С.Б.М.», «Н.Р.В.» жана С.Г.Р.аттуу жарандар аныкталып, кармалган.
Иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин көрсөткөн буюм далилдери алынган.
Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда көмүскө улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Аталган адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар КР УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар.



