Окуялар
Кыргыз футболунун легендасы Юсуп Мусаев көз жумду

27-февралда 89 жаш курагында легендарлуу футболчу Юсуп Иминович Мусаев каза болду.
Фрунзенин «Спартак» командасынын чабуулчусу 1936-жылы 27-февралда туулган. Ал СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер болгон.
Ал Даңк медалы жана FIFAнын ошол кездеги президенти Йозеф Блаттердин Ардак грамотасына татыган.
Ал бүгүн, 28-февралда жерге берилет.


