ДСУ: Нипах вирусу жетишсиз изилдөөлөрдөн улам дүйнөгө жайылышы мүмкүн

Нипах вирусу жетишсиз изилдөөлөрдөн улам дүйнөгө жайылышы мүмкүн деп «РИА Новости» агенттигине Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Женевадагы расмий өкүлү Тарик Жазаревич билдирди.
«Нипах вирусунун белгилүү табигый очогу — айрым аймактардагы жарганаттардын популяциясы экенин эске алганда, айрыкча Индия менен Бангладештин айрым бөлүктөрүндө, анын ичинде Батыш Бенгалияда, вирустун мындан ары да жугушу мүмкүн», — деди ал.
Жазаревичтин айтымында, калкка түшүндүрүү иштерин жогорулатуу зарыл, анткени коркунуч факторлорунун бири катары финик пальмасынын ширесин колдонуу да аталат.
Роспотребнадзор Индиядагы Нипах вирусунун очогуна байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди. Ведомство 25-январда, эки күн мурун, Россияга оорунун кирип келүү фактылары катталган эмес деп маалымдаган.
Нипах вирусу — вакцинасы жана дарылоо ыкмасы жок, өлүмгө алып келүүчү вирус. Ал алгач 1999-жылы Малайзияда чочко багуучулар арасында чыккан эпидемия учурунда аныкталган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны жогорку коркунучтагы патоген катары баалайт. Өлүм көрсөткүчү 40 пайыздан 75 пайызга чейин жетет.
Өткөн аптада The Economic Times басылмасы Индиянын Батыш Бенгалия штатында, Калькутта аймагында Нипах вирусунун очогу катталганын жазган. Жалпысынан беш жугуштуу учур тастыкталган, алардын үчөө өткөн аптада аныкталган. Ооругандардын арасында дарыгер, медайым жана медициналык мекеменин дагы бир кызматкери бар. Инфекция жуккандар менен байланышта болгон жүзгө жакын адам карантинге алынган.
Бул очоктогу алгачкы эки учур жаңы жылдан кийин дароо эки медайымдан аныкталган. Алардын бири учурда комада жатат. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, жугуштун булагы лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөнгө чейин белгисиз оорудан каза болгон бейтап болушу мүмкүн.


