Коом

Юстиция министрлиги: Риэлторлордун иши мыйзамдаштырылат

Юстиция министрлиги риэлтордук ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, документ жарандарды ортомчулардан, жашыруун комиссиялардан, алдамчылык жана манипуляциялык схемалардан, жасалма жарыялардан, ошондой эле «жапайы башаламан риэлторлук» деп аталган башка көрүнүштөрдөн коргоого багытталган.

Кеп кыймылсыз мүлк рыногундагы бүтүмдөрдү коштогон жана жарандар үчүн тобокелдиктерди жараткан ачык эмес жана көбүнчө агрессивдүү практикалар жөнүндө болуп жатат.

Мыйзам долбоору бюрократиядан арылуу процессинин алкагында даярдалып, риэлтордук ишмердүүлүктү тартипке келтирүүгө жана кыймылсыз мүлк рыногунун иштешиндеги ортомчулукту системалаштырууга багытталган.

Долбоордун негизги багыттары:

  • риэлторлорду кесиптик ишмердүүлүктүн белгиленген стандарттарын эске алуу менен милдеттүү мамлекеттик каттоодон (сертификациядан) өткөрүү;
  • жарандарга ортомчунун статусун жана мыйзамдуулугун текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү риэлтордун идентификациялык картасын киргизүү;
  • риэлтордук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана типтүү келишимдердин бирдиктүү стандарттарын белгилөө;
  • бүтүмдөгү риэлтордун статусу, ролу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ачык маалыматты камсыз кылуу;
  • кош комиссияларды алууга тыюу салуу жана кыймылсыз мүлк объектилери жөнүндө жалган жарнамаларды чектөө;
  • мыйзамсыз риэлтордук ишмердүүлүк жана белгиленген талаптарды бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору кыймылсыз мүлк менен алып-сатарлык операцияларды чектөөгө багытталган салыктык чараларды карайт. Документтин кабыл алынышы кыймылсыз мүлк рыногунда тартипти орнотууга, жарандардын ишениминин деңгээлин жогорулатууга жана рыноктун ак ниеттүү катышуучулары үчүн цивилизациялуу иш шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button