Коом

2025-жылы Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайып, энелердин өлүмү өскөн

2025-жылы Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү азайган, бирок энелердин өлүмү өскөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1 миң тирүү төрөлгөн балага 13,5ти түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөн.

Ошол эле учурда ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз бойдон калууда: биринчи орунда перинаталдык мезгилдеги оорулар — 65,7 пайыз (1 миң 224 бала), экинчи орунда тубаса өнүгүү кемтиктери — 15,5 пайыз (289 бала), үчүнчү орунда дем алуу органдарынын оорулары — 8,2 пайыз (152 бала). Муну менен катар жугуштуу жана паразитардык оорулар боюнча көрсөткүч 28,1 пайызга өскөнү белгиленди.

Ошол эле маалда энелердин өлүмү көбөйгөн. Өткөн жылы 48 учур катталган (1 миң тирүү төрөлгөнгө 34,8), бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн (25,7 же 36 учур) 35,4 пайызга жогору.

Министр Каныбек Досмамбетовдун айтымында, энелердин жана балдардын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүч болуп саналат жана аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо маселеси сөз болгондуктан, ишмердүүлүктөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болушу керек.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы энелердин өлүмүнүн өсүшүн «башкаруучулук чечимдерди талап кылган олуттуу сигнал» деп атап, бир жуманын ичинде тиешелүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды. Ал антенаталдык байкоо стандарттарын сапатка басым жасоо менен кайра карап чыгуу, баштапкы звено менен стационарлардын санариптик байланышын камсыз кылуу, ошондой эле айрыкча тобокелдик тобундагы кош бойлуу аялдарды так маршрутизациялоо зарылдыгын белгиледи; телемедициналык консультацияларды күчөтүү жана пренаталдык скринингди киргизүү боюнча тапшырма берди.

«Оорулардын алдын алуу, өз убагында ооруканага жаткыруу жана квалификациялуу жардамга жеткиликтүүлүк артыкчылык болушу керек», — деп баса белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Тектеш кабарлар

Back to top button