Коом

Чүйдө өз энесин эс-учун жоготкуча сабаган деген 39 жаштагы жаран изделүүдө

Чүйдө 39 жаштагы киши энесин эс-учун жоготкуча сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына 8-июлда Токмок шаардык ооруканасына 64 жаштагы аял сабалып түшкөнү боюнча маалымат түшкөн.

«Текшерүү учурунда аны 7-июль күнү саат 21:00 чамасында 39 жаштагы уулу Б.З. үйүндө мас болуп сабаганы аныкталган. Жабырлануучунун алынган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголду», — деп жазылган маалыматта.

Шектүү учурда изделип жатканы кошумчаланды. Мындан сырткары, 4-июнь күнү ошол эле даректе өрт чыкканын, ээсинин арызы менен иш кыскартылганы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Back to top button