Коом

ЖК Шералиев көчөсүндөгү үйлөр сүрдүрүлөбү жокпу тактап берүүнү талап кылды

«Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында эл өкүлү Жаныбек Абиров Бишкектин Ленин районунун тургундары депутаттарга кайрылып жатканын билдирди.

Алар Шералиев көчөсүндөгү үйлөрү Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин кеңейтүү жана Термечикова көчөсүнө кошуу долбоорунун алкагында бузулуп кетиши мүмкүн деп кооптонушууда.

Ал шаар мэриясын расмий түшүндүрмө берүүгө чакырып, депутаттар элге так маалымат жеткире алышы керектигин белгиледи.

«Жарандар 2050-жылга чейинки Башкы план долбоорунун алкагында үйлөрү сүрдүрүлүшү мүмкүн экенине нааразы. Азыртан эле бул райондо үйлөрдү сатууда баалар төмөндөп жатат», — деди Жаныбек Абиров.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров бул аймак мурдагы башкы пландарда да жол катары көрсөтүлгөнүн айтты.

«Бирок мурда башкы пландар жашыруун талкууланып, эл көчөнү кеңейтүү пландары тууралуу билген эмес. Азыр болсо жаңы башкы планды ачык талкуулап жатабыз, коомдук угууларды өткөрүп, элдин пикирин эске алып жатабыз. Биз өзгөрүүлөр тууралуу жарандарга да, инвесторлорго да ачык айтып жатабыз. Мен эртең эле бул көчөнү кеңейте баштайбыз деп жаткан жокмун, бирок долбоордо бул каралган», — деп кошумчалады ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button