Коом

Антимонополия кызматы Бишкектеги кафе жана ресторандардан бааны жогорулатпоону талап кылды

Экономика министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы Бишкектеги кафе жана ресторандардын өкүлдөрү менен тегерек стол өткөрүп, баалардын негизсиз жогорулашына жол берилбестигин эскертти.

Жолугушууда 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген нормалар тууралуу айтылды. Коомдук тамактануу жайлары тейлөө, тамак берүү же сервировка үчүн өзүнчө акы алууга укуксуз — бардык чыгымдар менюда көрсөтүлгөн баага киргизилиши керек. Чектеги акыркы сумма прейскуранттагы баадан айырмаланбашы зарыл.

Антимонополиялык кызмат январь айында коомдук тамактануу тармагында баалардын өскөнүн белгилеп, айрым жайларда өсүш 15 пайыздан ашканын билдирди. Рыноктун катышуучулары баалардын кымбатташын ижара акыларынын, коммуналдык тарифтердин, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн, инвентарлардын жана эмгек акылардын өсүшү, ошондой эле салык жүктөмүнүн көбөйүшү менен байланыштырышты.

Талкуунун жыйынтыгында ишкерлер бааларды оптималдаштырууга жана заказдарга, ошондой эле өз алдынча алып кетүүгө 10 пайыздык арзандатууларды киргизүүгө макул болушту. HoReCa Club ассоциациясы кырдаалды турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар үчүн аналитикалык материалдарды даярдайт.

Антимонополиялык кызмат коомдук тамактануу жайлары мыйзам талаптарын так сактоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузбоого милдеттүү экенин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button