Окуялар

«Ала-Арчада» жабыркаган чет элдик альпинист куткарылды

«Ала-Арча» жаратылыш паркындагы «Байчечекей» чокусуна чыгып бара жатып жардан кулаган украиналык турист аман-эсен куткарылды. Маалыматты ӨКМден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, чет элдик жаранды куткарууга 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар украиналык туристти «Рацека» альпинисттик лагеринен аман-эсен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун «Байчечекей» чокусуна чыгып баратып кулаган туристке жардам сурап 112 кызматына билдиришкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button