Коом

Өлкөдө унаалардын саны дээрлик 2 миллионго жетти

Кыргызстанда расмий каттоодо турган автоунаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 61ди түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү транспорттун саны 13%га өсүп, экологиялык негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда. Учурдагы автопарктын курамы төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Бензин менен жүргөндөр: 972 миң;
  • Дизель (солярка): 339 миң;
  • Газ менен иштегендер: 56 миң;
  • Гибриддик унаалар: 37 миң.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө 15 миң 278 электромобиль алынып келген, бул жалпы автоунаалардын 0,8%ын гана түзөт. Ошону менен бирге, жаңы унаалардын үлүшү өсүүдө: эгер 2024-жылы 5 жылга чейинки эскиликтеги унаалар 1,5%ды түзсө, быйыл бул көрсөткүч 4,5%га жетти.

Медер Машиев белгилегендей, Бишкектин коомдук автопаркында 1 447 газ менен жүрүүчү автобус, 120 электробус жана 12 даана стандарттуу 12 метрлик автобус бар. Мындан сырткары, электромобилдерди кубаттоо үчүн өлкө боюнча 100дөн ашык станция орнотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button