Коом
Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жолу убактылуу иштебейт

Бул тууралуу коруктун Instagram баракчасында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, «Хан-Тенгри» канат жолу 18-майдан 26-майга чейин иштебейт.
Бул аралыкта төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
пландуу техникалык иштер;
жабдууларды модернизациялоо;
механизмдерди майлоо жана тейлөө;
курулуш жана санитардык иштер;
ишембилик жана аймакты көрктөндүрүү.
«Бардык иштер сиздердин ыңгайлуулугуңуздар, коопсуздугуңуздар жана эс алууңуздарды мындан да жагымдуу кылуу үчүн жүргүзүлүүдө», — деп белгилешти паркта.



