Тигүү цехтери кездеме калдыктарын кайра иштетүүгө тапшыра алышат

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.
Анын айтымында, тигүү цехтеринин калдыктарын өрттөө экологияга зыян келтирет.
«Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат, бардык зарыл болгон жабдуулар сатып алынды. Эгер кайсы бир жерде кара түтүн байкалса, дрондордун жардамы менен текшерүү жүргүзө алышат. Экологиялык инспекция мэрия, милиция менен кызматташып, айып пул салууга мүмкүнчүлүгү бар», — деди ал.
Ошондой эле Данияр Амангельдиев Токмок шаарында тигүү тармагынын калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачылганын, бул кездемелерди экинчи жолу пайдаланууга шарт түзөрүн кошумчалады.
Анын белгилешинче, чийки затты өрттөгөндөн көрө кайра иштетүүгө тапшыруу алда канча туура.



