Быйыл өлкөнүн жол тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев быйыл өлкөнүн жол тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, чоң долбоорлордун эң негизгиси Барскоон – Бедел – Үч-Турфан жолу болуп саналат.
«Бул Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган үчүнчү коридор. Ушул жолдун курулушун жүргүзөбүз. Андан тышкары, Балыкчы – Барскоон – Каракол унаа жолунун курулушун 31-августка чейин бүтүрүү планы коюлган. Бул ири долбоорду бүткөрүү үчүн жалпысынан 8 млрд сом каражат керектелет. Ошондой эле Нарын – Баетов жолун курабыз. Узундугу 120 чакырымды түзөт. Буга чейин 30 чакырымга жакынына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Быйыл жолду толук бүтүрүп, элге пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз», — деди министр.
Сыргабаев Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолунун курулушун дагы белгиледи.
«Бул өлкө аймагындагы алгачкы биринчи категориядагы жол болуп саналат. Жол 6 тилкелүү болуп, эстакадалык көпүрөлөр дагы курулат. Айланма жолду куруунун негизги максаты шаар ичиндеги тыгындарды жоюуга багытталган», — деди ал.



