Маданият

Бишкек менен Чолпон-Атада «Оймо» фестивалы өтөт

Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында кол өнөрчүлөрдүн эл аралык «Оймо» фестивалы өтө турганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Иш-чара Бишкекте 28-июлдан 31-июлга чейин Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүндө өтөт. Ал эми Чолпон-Атада 2-7-августта «Рух-Ордо» комплексине бурула турган жерге жакын жайгашкан сейил бакта уюштурулат.

Фестивалдын программасы:

креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча илимий конференция;

жаштардын эмгектерин көрсөтүү;

жаш ишкерлердин презентациялары;

Кыргызстан жана Борбор Азия мамлекеттеринин кол өнөрчүлөрүнүн катышуусу менен жарманке;

кол өнөрчүлөрдүн балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстары;

куурчактар көргөзмөсү.

Белгилей кетсек, «Оймо» фестивалы Кыргызстанда 16-жолу өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, CACSARC-kg борбору, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши, «Кыял» улуттук бирикмеси, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларынын мэриялары, ЮНЕСКО, Кыргызпатент, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 кесиптик лицей, Креативдүү индустрия ассоциациясы, Кыргызстандын куурчак менен алектенген уюму.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button