Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап учак менен толукталат

Жакынкы 5 жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, 2 даана учак сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду.
“Бүгүн Asman Airlines авиакомпаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасады. Европалык авиакуруучу Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду.
Бул стратегиялык чечим каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага каттамдарды ачуу каралууда», — деди ал.



