Дүйнө

Азербайжанда өрт кырсыгында жети адам каза болуп, 24 жаран жараат алды

Азербайжанда 15-январда эмерек ишканасында чыккан өрттөн кеминде жети адамдын өмүрү кыйылды, дагы 24 киши жараат алды.

Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Башкы прокуратура териштирүү башталганын, өрт коопсуздугун сактоо эрежелеринин бузулушу жана шалаакылык ыктымалдыгы караштырылып жатканын маалымдады.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча тактала элек.

9-январда борбор калаа Бакуда Төрөт үйүндө чыккан өрттөн төрт ымыркай чарчап калган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button