Талаптарга жооп бербеген мал базарлары жабылат

«Биз бардык талаптарга жооп бербеген мал базарларын жабабыз», — деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суутектүү ресурстар, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында Министрлер кабинети төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев.
Ал мындай жоопту депутат Эркеайым Сейтказиевага берди. Ал Ыссык-Ата районунда мал базары ачууга муктаждык бар экенин белгилеген.
«Белгилей кетсек, мал базары Токмоктон Кеминге көчүрүлгөн. Ыссык-Ата району Кеминден 90 чакырым алыстыкта, ошондой эле Кара-Балтыдан да 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул Ыссык-Ата районунун тургундары үчүн өтө ыңгайсыз», — деди ал.
Бакыт Торобаевдин айтымында, Токмоктогу базар ээси бир катар санитардык талаптарды бузгандыктан жабылган.



