Коом
Туманбаев: Төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик автомектептерге курсанттарды кабыл алуу башталарын билдирди.
Анын айтымында, төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет.
“Теориялык сабактар 320 саат болот. Төрт айдын ичинде 3-4 курсантыбыз окууга даяр болгон болсо тест алып, экзамендерге киргизебиз”, — деди ал.
Туманбаев 4 айда окууну ийгиликтүү аяктагандарга айдоочулук күбөлүк бир жылдык мөөнөткө берилерин жана алар бир жылда жол эрежесин бузбаса, күбөлүктү толугу менен аларын кошумчалады.
Ошондой эле, автомектепти онлайн жана офлайн окуса болот.



