Саясат
Чыңгыз Ажибаев төраганын орун басары кызматынан кетти

Депутат Чыңгыз Ажибаев төраганын биринчи орун басары кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
Төрага депутат Ажибаевди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан бери биле турганын жана ал өз ишин так аткарып келгенин белгиледи.
«Төрага болуп шайлангандан кийин аны менен кыска убакыт иштештим, ал өзүн кесипкөй катары көрсөтө алды», — деди Маматалиев.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Ажибаев мандаттын тапшырат деген маалымат тараган. Эл өкүлү маалыматты төгүндөп, мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазбаганын белгилеген.



