Окуялар

Бишкекте мурдагы жубайын бир нече жыл бою сабап келген жаран кармалды

Бишкекте эркек киши мурдагы жубайын бир нече жыл бою сабап келген. Аял ага каршы беш жолу арыз жазган, бирок буга чейин административдик чаралар гана көрүлгөн. Кезектеги зомбулук фактысынан кийин ал камакка алынды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-февралында 1992-жылы туулган М.Э. аттуу жаран милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, мурдагы жолдошу дагы бир жолу үйүнө келип, анын дарегине орой сөздөрдү айтып, сабап, колдорун кайрып зомбулук көрсөткөн.

Тергөөдө аныкталгандай, 2020-жылдын август айында нике бузулгандан бери мурдагы күйөөсү тарабынан мындай мыйзамсыз аракеттер системалуу түрдө кайталанып келген.
2025–2026-жылдары М.Э. беш жолу арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Бул фактылар боюнча эркекке административдик чаралар колдонулган, бирок зомбулук токтогон эмес.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Кыйноо») менен кылмыш иши козголду. 1989-жылы туулган А.А. аттуу шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына (ИВС) киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button