Коом

2025-жылы Бишкек шаарында жашоо минимуму 8 миң 984 сомду түздү

Бул маалыматты мэриянын коллегиясында шаардын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, акыркы беш жыл ичинде жашоо минимуму 169,4 пайызга өскөн. Отчеттук мезгилде бир адамга эсептегенде көрсөткүч 8 984,12 сомду түзүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу 10 пайызга жогору.

Расмий статистикага ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата катталган жумушсуздардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 962 адамга чейин кыскарган. Акыркы беш жыл ичинде алардын саны 2 миң 847 адамга азайган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button