Коом

Саламаттыкты сактоо министрлигинде улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү, башкарылуучу жана туруктуу системасын түзүү боюнча чаралар талкууланды.

Белгиленгендей, жаңы модель мамлекеттик жана жеке сектордун катышуусу менен сапатка, отчеттуулукка жана башкарууга карата бирдиктүү талаптардын негизинде лабораториялык диагностиканын улуттук бирдиктүү контурун түзүүнү карайт.

Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду:

  • лабораториялык кызматты башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу;
  • сапаттын эл аралык стандарттарын киргизүү;
  • мониторинг жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу;
  • лабораториялык кубаттуулуктарды рационалдуу пайдалануу;
  • изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.

Кеңешменин алкагында медициналык калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү маселелери да каралды. Анын ичинде мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, заманбап зыянсыздандыруу жана утилдештирүү технологияларын киргизүү сунушталды. Чакырылган эксперттер лабораториялардын ишин түзүмдөштүрүү жана стандартташтыруу, ошондой эле медициналык калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Министр лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктар менен натыйжалуу иш алып баруу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттары экенин белгиледи. Бул чаралар оорулардын алдын алууга, өз убагында диагноз коюуга жана калктын ден соолугун коргоого түздөн-түз таасир этет.

Жыйынтыгында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө аталган багыттарды мындан ары өркүндөтүү жана белгиленген милдеттерди этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button