Коом

УКМК: Жашы жете элек кызды зордуктоо фактысын кыскарткан Кемин райондук ИИБнын тергөө кызматынын башчысы кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

КР УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-аракеттердин алкагында Чүй облусунун Кемин райондук ИИБнин  кызматкерин кармады.

Тактап айтканда, 1992-жылы туулган Б.М.Б. Тергөө кызматын  жетектеп жатып, жашы жете элек кыздын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган өзгөчө оор кылмышты (Н.Э., С.Б., К.Ө. тарабынан топ болуп жасалган) тергөө учурунда, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары аталган адамдардын бардыгынын тиешеси бар экенин далилдеп турганына карабастан, алардын экөөсүн (С.Б., К.Ө.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, аларга карата кылмыш ишин кыскарткан.

Белгилей кетсек, аталган Б.М.Б. өзүнүн кылмыштуу максаттарына жетүү жана мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу максатында жашы жете элек баланы С.Б. жана К.Ө.нүн пайдасына атайылап жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлаган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Б.М.Б. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Мындан тышкары, УКМКнын тергөө органдары тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары да тергелет. Анын алкагында кылмышка тиешеси бар бардык адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button