Кар жаап жатат. Өлкө ашууларындагы абал

Саат 08:30 карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, учурда каттам бар.
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.
«Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат», — деп айтылат маалыматта.



