Саясат

Президент: Жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берди. Анда өлкө башчысына УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосундагы достук мамилеси тууралуу суроо узатылган.

Мамлекет башчысынын айтымында, азыр капа болот, бирок мезгил өтүп ырахматын айтат.

«Ооба, ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.

Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат»,- дейт Президент.

Тектеш кабарлар

Back to top button