Коом
Элдар Жакыпбеков эки айга камакка алынды

УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков 15-апрелге чейин камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.
Маалыматка ылайык, айыпталуучу Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, Жакыпбековду Аскер прокуратурасы кармаган. Ага «Коррупция» беренеси менен айып коюлууда.



