Коом

Юстиция министрлиги эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө консультация өткөрдү

Юстиция министрлиги Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин элчиликтери, ошондой эле эл аралык финансылык институттардын жетекчилери менен консультацияларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин элчиликтери, ошондой эле эл аралык финансылык институттардын жетекчилери менен консультацияларды өткөрүп, анда Кыргыз Республикасында англис укугун өнүктүрүү жана «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагында (АФИА «Тамчы») Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун түзүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ник Боулердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташтык маселелери жана Кыргыз Республикасында англис укугунун элементтерин киргизүү боюнча практикалык кадамдар талкууланды.

Жолугушуу эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн жана эл аралык финансылык институттардын катышуусунда өтүп, бул өлкөнүн укуктук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана инвестициялык потенциалын чыңдоого багытталган демилгелерге эл аралык коомчулуктун колдоосу жогору экендигин дагы бир жолу белгиледи.

Талкуунун негизги темасы «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА «Тамчы») алкагында англис укугунун принциптерине негизделген жана коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык стандарттарды колдонууга багытталган Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборун (International Dispute Resolution Centre – IDRC) түзүү болду.

Жолугушууга төмөнкү эл аралык уюмдардын жана институттардын өкүлдөрү катышты:

  • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ);
  • Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ);
  • Дүйнөлүк банк;
  • Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК);
  • ошондой эле Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин, ошондой эле бир катар чет мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар инвестициялык климатты жакшыртууга, чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүүгө жана коммерциялык талаш-тартыштарды чечүүнүн натыйжалуу инструменттерин эл аралык стандарттарга ылайык киргизүүгө өбөлгө түзүүчү заманбап укуктук инфраструктураны калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эл аралык финансылык институттардын өкүлдөрү өзүнчө белгилегендей, АФИА «Тамчы» алкагында IDRC түзүү Кыргыз Республикасынын укуктук чөйрөсүн өнүктүрүүдө, соттук-арбитраждык практиканын алдын ала болжолдоого мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда жана инвестициялык жана коммерциялык долбоорлордун катышуучулары үчүн кошумча кепилдиктерди камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле талаш-тартыштарды чечүүнүн көз карандысыз жана кадыр-барктуу механизмине ээ болуу инвестицияларды туруктуу тартууга жана жеке секторду өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү негизги факторлордун бири экендиги баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген демилгелерди практикалык ишке ашыруу максатында эл аралык өнөктөштөр жана финансылык институттар менен биргелешкен ишти мындан ары да улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button