Салык кызматы электрондук соода жүргүзүү үчүн жаңы электрондук эсеп-фактура формасын киргизди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын (ЭСФ) жаңы формасын киргизди.
Бул формадагы ЭСФ товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылар алдында таризделет жана электрондук соода аянтчасы аркылуу кийинки сатууга арналган экспорттук товарларды документтик коштоо үчүн гана колдонулат.
Мындай эсеп-фактураны тариздөө товарды сатуу катары таанылбайт жана салык милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келбейт.
Электрондук соода аянтчасында соода жүргүзүү үчүн ЭСФни кантип тариздөө керек:
– электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кирип, «Маркетплейстер үчүн ЭСФ» бөлүмүнө өтүңүз;
– экрандын оң жогорку бурчундагы «Кошуу» баскычын басыңыз;
– андан кийин салык төлөөчү «Электрондук соода аянтчасында соода жүргүзүүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибине» ылайык бардык талааларды белгиленген тартипте толтуруусу зарыл.
Маанилүү: электрондук соода аянтчасында соода жүргүзүүнүн алкагында таризделген эсеп-фактура түзөтүүгө жатпайт жана жараксыз деп таанылышы мүмкүн эмес.
Салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана ката кетирбестен киргизүүгө милдеттүү, анткени киргизилген маалыматтар кийин жокко чыгарылбайт же өзгөртүлбөйт.
Белгилей кетсек, ЭСФнын жаңы формасын киргизүү бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды тоскоолдуксуз чыгарууну камсыз кылуу максатында ишке ашырылды.



