Коом

Түндүк — Түштүк жолунда жаңы транспорттук көзөмөл пункту ачылат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев 19-февралда өткөн аппараттык жыйында берген тапшырмаларына ылайык, Жумгал районунун «Арал» пунктунун түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы пункттун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик нормаларды сактоосун көзөмөлдөөгө, ошондой эле автомобиль жолдорунун мөөнөтүнөн мурда бузулушунун алдын алууга багытталган. Мындан тышкары, бул чара мыйзамсыз жана ашыкча жүк ташууларды кыскартууга, жол инфраструктурасын сактоого жана транспорт тармагында тартипти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле республика боюнча көп жылдардан бери капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлбөй келген иштеп жаткан транспорттук көзөмөл пункттарында этап-этабы менен капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү каралган.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган курулуш жана оңдоп-түздөө иштери Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button