Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБда кызматкерлердин арасында коррупцияга жол бербөө боюнча жыйын өттү

2023- жылдын 9-март күнү Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын борбордук аппаратынын жана район-шаардык бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда жаңы мыйзамдар боюнча сабактар болуп өттү. Бул жыйынга ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Баткен облусу боюнча ИИКтин начальниги милициянын подполковниги А.Апиев жана Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын начальнигинин орун басары милициянын майору А.Исаев катышып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин арасында жол коопсуздугун камсыздоо учурунда кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактоого, ошондой эле айдоочулар жана жарандар менен сылык жана маданияттуу мамиледе болууга чакырышты. Алар ЖККК кызматкерлери кызматка чыккан учурда милдеттүү түрдө бөлүнгөн багыттар боюнча жол баракчасынын негизинде иш алып барууларын эскертишип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин айрым беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча өздүк курамга түшүндүмө беришти. Жыйындын чечими менен өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактоо, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эскертип кетишти.



