Дүйнө

Трамп Пентагонго НЛО тууралуу жашыруун материалдарын ачыкка чыгарууга буйрук берди

АКШ президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине жана башка тиешелүү мекемелерге белгисиз учуучу объектилер жана Жерден тышкаркы жашоону изилдөөгө байланышкан өкмөттүк документтерди жашыруун макамдан чыгарууга даярдык көрүүнү тапшырганын билдирди. Бул тууралуу ал 20-февралда Truth Social платформасында жазды.

Ак үй башчысынын айтымында, мындай чечим коомчулуктун бул темага болгон «зор кызыгуусунун» негизинде кабыл алынган.

«Коомчулуктун чоң кызыгуусун эске алуу менен, мен согуш министринин, ошондой эле башка тиешелүү мекемелер менен агенттиктердин инопланеталык жана Жерден тышкаркы жашоо, белгисиз аба кубулуштары жана белгисиз учуучу объектилер боюнча мамлекеттик материалдарды аныктоо жана жашыруун макамдан чыгаруу процессин баштоосун тапшырдым. Ошондой эле бул өтө татаал, бирок абдан кызыктуу жана маанилүү маселелерге тиешелүү башка бардык маалыматтар да каралат», — деп жазган Трамп.

Президент кайсы документтер жарыяланары, алардын көлөмү жана коомчулукка качан жеткиликтүү болору тууралуу так маалымат берген жок.

Бул билдирүү АКШ медиасында мурдагы президент Барак Обаманын «инопланеталыктардын чындыгы» тууралуу тамашалуу сөздөрүнөн кийин күч алган талкуулардын фонунда жасалды.

Тектеш кабарлар

Back to top button