УКМК: Тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдар тууралуу жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Айрым жарандардын салттуу исламдын негиздери жөнүндө маалыматынын жетишсиздигинен улам, ар кандай тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын идеологиясына азгырылып, алардын ишмердүүлүгү светтик мамлекеттин принциптерине жана Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына карама-каршы келген радикалдуу диний-саясий, экстремисттик идеяларды жайылтууга багытталган учурлар бар.


Тартуу, адатта, максаттуу үгүт жүргүзүү аркылуу, анын ичинде интернет-ресурстар, социалдык тармактар жана жабык топтор аркылуу ишке ашырылат.
Буга байланыштуу, жарандарды, анын ичинде жаштарды тыюу салынган түзүмдөрдүн ишине тартууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын УКМКсы ДИЭМУА жана КМДБ менен биргеликте калк арасында, жаштар арасында, ошондой эле мектептерде, колледждерде жана жогорку окуу жайларда системалуу түрдө профилактикалык жана маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүп келүүдө. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын башынан тартып, Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде маалыматтык-түшүндүрмө иш-чаралары өткөрүлүп келет.

Диний сабаттуулукту жогорулатууга, маалыматты сын көз караш менен кабылдоону өнүктүрүүгө, салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул багыттагы иштер борбор калаанын жана өлкө аймактарындагы башка окуу жайларда да улантылат.

Эске салсак, тыюу салынган уюмдардын ишине катышуу жана алардын материалдарын таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.



