Окуучу менен мугалимдин ортосунда болгон мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Борбор калаадагы № 83 мектепте окуучу менен мугалимдин ортосунда болгон мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, улгайган адамды сабаган жогорку класстын окуучусуна карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал бейбаштыкка шектелүүдө.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы калаа башчысы Айбек Джунушалиев жана агартуу министри Догдуркуль Кендирбаева окуучунун кол салуусунан жабыркаган № 83 мектептин аскерге чейинки даярдык боюнча мугалими Болатхан Карибжановду ооруканада барып көрүшкөнүн билдирген.

Эске салсак, 16-февралда № 83 мектепте окуучу менен мугалимдин ортосунда жаңжал чыгып, ал күч колдонууга чейин жеткен.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери барган. Окуяга 1957-жылы туулган К.Б. аттуу мугалим жана 2010-жылы туулган 10-класстын окуучусу М.К. катышкандыгы аныкталган.
Мугалим окуучуга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Өз кезегинде жашы жете элек өспүрүм медициналык жардам алуу үчүн саламаттык сактоо мекемесине кайрылган.



