Пайдалуу кеңештер
Тамактанган соң дароо жатып алган туура эмес. Себеби

Тамактан кийин жок дегенде жарым саат жатпай туруу керек, анткени горизонталдык абалда ашказандагы кычкыл өңгөчкө өтүп, зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-терапевт, гастроэнтеролог, нутрициолог Магомедтагир Ибрагимов билдирди.
Адистин айтымында, тамактан кийин 30–60 мүнөт ичинде горизонталдык абалды ээлебеген жакшы. Болбосо ашказанда бөлүнүп чыккан кычкыл тамактын бир бөлүгү менен кошо кайра өңгөчкө ыргытып, «сезгенүү, ооздо ачуу даам, кычкыл даамдын сезилиши, жүрөк айлануу» сыяктуу белгилерди жаратышы мүмкүн.
Ошол эле себептен, ашказандагы кычкыл өңгөчкө өтүп кетпеши үчүн, башты бир аз көтөрүп, жаздык коюп уктоо сунушталат, деп түшүндүрдү дарыгер.



