Саясат
Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды

Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясы аны жактырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Буга чейин интернетте Сулайманов кадр маселеси боюнча Энергетика министрлигинин жетекчисинин орун басарына чалып жатканы болжолдонгон аудиожазуу да тараган.



