Саясат

Эрлист Акунбеков Ташиевге жооп берип, кылмыш иши токтотулганын билдирди

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков социалдык тармактагы баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берип, жер семирткичтерди жеткирүүгө байланыштуу кылмыш иши тууралуу пикирин билдирди.

Министр 2025-жылдын 29-августунан 29-декабрына чейин СИЗО-1де камакта болгонун билдирди.

«Мага Салык кызматынын мурдагы жетекчисине байланыштуу иш боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү” беренеси боюнча айып тагылган. Мени менен бирге өлкөнүн 30дан ашуун ири ишкери бул процесстен өттү. Алардын көпчүлүгү белгилүү бир сумманы төлөп, дароо эркиндикке чыгышкан. Ал кезде ушундай болчу: акча төлөсөң — бошотушчу. Мен өз позициямдан тайган жокмун жана күнөөсүз экенимди талап кылууну уланттым», — деп жазды ал.

Анын айтымында, нөлдөн баштап түптөгөн бизнесинин көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен байланыштуу. Анын ичинде жер семирткичтерди, үрөндөрдү, айыл чарба техникаларын жана ветеринардык препараттарды импорттоо бар.

«Бул товарлар КНСтен бошотулган, болгону 3 пайыз өлчөмүндө бирдиктүү салык төлөнөт. Ошондуктан 3 миллиард сом салык төлөө талабы абсурд болгон. Алардын логикасы мындай эле: эгер сенин байлыгың бар болсо, демек көбүрөөк төлөшүң керек. 2026-жылдын 24-февралында УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси мага карата кылмыш куугунтугун кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотуу жөнүндө токтом чыгарган», — деди Акунбеков.

Ал эч качан тендерлерге катышпаганын, мамлекеттен акча, насыя же башка ушул сыяктуу каражаттарды албаганын белгиледи.

«Бүгүн Айыл чарба министрлигин жетектеп жатып, күч-аракетимди, 15 жылдык тажрыйбамды жана билимимди өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө, фермерлер менен дыйкандардын эмгегин колдоого жумшай берем. Менин максатым — кимдир бирөөнү сөз менен каралоо эмес, ак ниет эмгек менен элге кызмат кылуу», — деп жыйынтыктады Акунбеков.

Тектеш кабарлар

Back to top button