Бишкек мэриясы кайра иштетилген таштандылардан шаардык инфраструктура үчүн буюмдарды чыгарат

Бишкек шаарынын мэриясы кайра иштетилген таштандыларды шаардык инфраструктурада колдонуп жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Экологиялык кеңештин жыйынында билдирди.
«Биз таштандыны жөн гана чыгарып кетпестен, аны пайдалуу буюмдар түрүндө кайра шаарга кайтарып жатабыз. Кайра иштетилген таштандылардан люктарды жана отургучтарды жасап, алар үчүн жыгач колдонбойбуз», — деди мэр.
Анын айтымында, буюмдарды жасоодо пластик жана кум колдонулат. Чийки зат таштанды сорттоочу заводдон алынат.
Мэрия лотоктор жана люктар үчүн төрт түстү колдонууну карап жатат. Ар бир түс Бишкектин бир районуна тиешелүү болот. Арыктарда суу топтолуп калбашы үчүн аны агызуучу атайын тешиктер каралган.Учурда даярдалган буюмдар үч айлык сыноодон өтүп жатат. Бул мезгилде алардын натыйжалуулугу жана бекемдиги текшерилет.
Эске салсак, Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү завод 2025-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Долбоорго 95 миллион доллар инвестиция салынган.



