УКМКнын Бакаев атындагы академиясында «Кызыл командирдин аскердик эрдиги жөнүндө сөз» аттуу китебинин бет ачары өттү

2026-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы академиясынын жыйындар залында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант Асанкулов Жумабек Асанкуловичтин (ал 1967-жылдан 1978-жылга чейин жана 1989-жылдан 1991-жылга чейин республиканын МККсын башкарган) туулган күнүнө арналган иш-чара, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын отставкадагы полковниги Кабаев Мазалбек Эзенгелдиевичтин «Кызыл командирдин аскердик эрдиги жөнүндө сөз» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, коопсуздук органдарынын ардагерлери, китептин авторунун жакын туугандары, Академиянын профессордук-окутуучулук курамы, угуучулары жана курсанттары, ошондой эле мөөнөттүү кызматтын жоокерлери катышты.

Ж.А.Асанкулов 1927-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Москва районундагы Кепер-Арык айылында туулган. Ал мамлекеттик коопсуздук комитетинде 1946-жылдын сентябрынан 1991-жылдын августуна чейин кызмат өтөгөн. Жөнөкөй ыкчам кызматкерден тартып Кыргыз ССРинин МККсынын жетекчисине чейин көтөрүлгөн. Ал Кыргыз ССРиндеги коопсуздук органдарынын алгачкы улуттук жетекчиси болгон. Мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгын түзүүнүн башатында турган.
М.Э. Кабаев жазган китеп Фергана өрөөнүндөгү кыргыз атчан дивизионунун биринчи командири Арстаналы Осмонбековго арналган. Ал Ата Мекен алдындагы аскердик эмгеги үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Китепте ХХ кылымдын 1918–1925-жылдары Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөгөн аталарыбыздын эрдиги баяндалат. Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды мекенчилдикке жана Ата Мекенге берилгендикке тарбиялоо. Кызыл командир тууралуу документалдык-биографиялык очерк тарыхый мааниге да ээ. Кызыл армиячылар басмачылыкка каршы күрөшүп, калкты коргоп, мектептерди куруп, жамааттык чарбаларды түзүүгө салым кошуп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө көмөктөшкөн. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө жетишинин башаты болгон.



