Коом

Жол акы төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат

Бишкек шаарында коомдук транспорттордо рейддик иш-чаралар жүрүүдө. Маалыматты муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт.

Рейддер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен күнүнө онго жакын административдик протокол түзүлүүдө. Жол кирени төлөбөгөндүгү үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.

Бишкек мэриясы жарандарга кайрылып, жол кирени өз убагында төлөп, түшүү-чыгуу эрежелерин сактоону, ошондой эле накталай төлөм жүргүзгөндө сөзсүз талон алууну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button