Коом

Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт

Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 103 миң үй-бүлө алат.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорунун алкагында 30 миллион доллар өлчөмүндө насыя алат. “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында социалдык колдоого муктаж дагы 3000 үй-бүлөгө бир жарым миң жарандын ар бирине 100 миң сомдон жөлөк пул берилет. Насыя 50 жылга пайызсыз берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button